Түркиянын парламентинин депутаты Өмер Фарук Гергерлиоглу түркмөн активисттери Абдулла Орусов менен Алишер Сахатовду мекенине депортация кылууга жол бербөөгө чакырды. Бул тууралуу ал парламентте сот реформасы талкууланган маалымат жыйынында билдиргенин turkmen.news басылмасы жазды.
"Бүтүндөй дүйнө Түркмөнстанда демократия жок экенин билет. Бирок Түркия түркмөн оппозиция өкүлдөрүн кайра кайтарып, депортациялык борборлорго камап жатат", — деди эл өкүлү.
Ал маалымат жыйынында Орусов менен Сахатовдун сүрөттөрүн көрсөтүп, бул эки активист түркмөн бийлигинин ачык сынчылары экенин эске салды.
"Эгерде аларды Түркмөнстанга кайтарса, өмүрүнө коркунуч жаралат. Бул процессти токтотуу керек", — деди ал.
Түркмөн активисттери 28-апрелде Түркиянын Синоп шаарында кармалып, Анкарага жеткирилген. Журналисттер алар Түркиянын өкмөтүнөн башпаанек сураганын, 5-майда Түркия алардын өтүнүчүн четке какканын жазышкан.
Алишер Сахатов түркмөн бийлигинин ишин сындап, мекендештеринин көйгөйлөрүн чагылдырган "Эркин көз караш" деген аталыштагы Ютуб каналы менен белгилүү. Ал Түркияга 2018-жылы үй-бүлөсү менен көчүп барган.
Абдулла Орусов социалдык тармактагы баракчаларында түркмөн аткаминерлеринин мыйзамга туура келбеген иштерин ачыктап келген.
30-майда Стамбулда түркмөнстандык активист Умида Бекчанованы белгисиз бирөөлөр кармап, ал депортация борборуна киргизген.
Умида Бекчанова HSM Habarlary деген аталыштагы Телеграм жана Ютуб каналдары аркылуу Түркмөнстандагы жарандардын көйгөйлөрү тууралуу маалымдап турат. (AiA)
Шерине