Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:18

19-июндун аба ырайы: Күндүн табы 40 градустан ашат


Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 18-19-июнь күндөрү абанын температурасы жогорулайт. Күндүн табы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 39…41°, Талас облусунда 36…38° чейин жетет.

Мындай аба ырайы учурунда ысык өткөрүп алуудан сактануу үчүн күндүз күн ачык жерлерде көпкө жүрбөө, ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугаруу сунушталат.

Аба ырайы:

19-июнга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Талас облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын жаабайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 19-июнда күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 20...25, күндүз 36…41;

Талас жергесинде түнкүсүн 17...22, күндүз 32…37;

Баткен облусунда түнкүсүн 20...25, күндүз 36…41;

Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 21...26, күндүз 36…41;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11...16, күндүз 26...31;

Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 27…32;

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 23…25°, күндүзгү жогорку температурасы 38…40° болот.

Шерине

XS
SM
MD
LG