Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:21

Жер мунапысы: Үлүш ээлери менен талашка түшкөн конуштар


Ак-Ордо жаңы конушу. Иллюстрациялык сүрөт.
Ак-Ордо жаңы конушу. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда үч жыл мурун жарыяланган "жер мунапысы" жөнүндөгү мыйзамга ылайык, жер тилкелерин мыйзамдаштырууга арыз кабыл алуу 1-июлда токтойт. Бирок айрым жер тилке ээлери алигүнчө түрдүү себептер менен жерлерин мыйзамдаштыра албай жүрүшкөнүн айтып, даттанууда.

Өзгөчө Бишкек шаарында дале болсо өз турак жайын мыйзамдаштырууга жетишпегендер көп экенин айткан кээ бир депутаттар мунапыстын мөөнөтүн узартууну суранышты.

"Үлүш ээлери менен сот бүтпөй жатат"

Бишкектин четиндеги Ак-Ордо жаңы конушунун тургуну Света Шакирова 2013-жылы жанаша турган эки жер тилкесин "үлүш ээлерибиз" деген адамдардан сатып алып, үй тургузган. Жер мунапысы тууралуу мыйзам жарыяланган соң арыз тапшырып, документ чогултуп, чуркап жүрүп, 2024-жылы жер тилкелерине мамлекеттик акт - "кызыл китеп" алган. Бирок бул кубанычы көпкө созулган эмес.

Светанын жерин "үлүш ээсимин" деген жаран талашып, ага берилген "кызыл китепти" жокко чыгаруу өтүнүчү менен сотко кайрылган.

"Азыркы биз жашап жаткан жерлердин баары бир кездери үлүш жерлер болгон экен. Кийин Ак-Ордо жаңы конушу түшүп, улам кеңейип жаткан мезгилде бир нече үлүш ээси чогулуп, жерлерин бириктирип, турак жай курууга мүмкүн болгудай кылып 4 сотыхтан бөлүп сатышыптыр. Азыр менден жеримди соттошуп талашып жаткан аялдын 1 сотых жери кирип калган экен мен сатып алган тилкеге. Ошол 1 сотыхтын айынан эми "кайра жер меники" деп талашып жатат. Бул аял жана башка үлүш ээлери мага жерин саткандагы документтер, кийин мунапыска ылайык мыйзамдаштырганда чогулткан документтерим бүт бар болгондуктан Ленин райондук соту менин пайдама чечип берген. Кийин Бишкек соту да менин пайдама чечти. Булар эми Жогорку сотко беришти", - деди Света.

Жер мунапысы боюнча республикалык комиссиянын маалыматына караганда, “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” мыйзам жарыялангандан кийин талашка түшкөн жер тилкелери миңдеп саналат. Айрымдарын үлүш ээлери менен жер тилкеге үй тургузуп алган ээлери талашса, кээ бир жерлер кайсы бир мамлекеттик же жеке ишканалардын менчиги катары сот камагына алынып, жер тилкеси мыйзамдаштырылбай келет.

Коомдук активист, жер мунапысы боюнча кеңешчи болуп жүргөн Мирбек Осмонов Света Шакированын көйгөйү сыяктуу маселелер аябай көп экенин белгиледи. Анын сөзүнө караганда, маселенин баары айыл чарба багытында болуп келген жерди турак жай тургузууга трансформациялабай туруп сатып жиберишкенинде жатат.

Мирбек Осмонов
Мирбек Осмонов

"Ушул өтө чоң маселе жаратты. Үлүш жерлер ар кандай, мисалы, бир адамдыкы туурасы 7, узуну 10 метр болсо, бир жарандыкы туурасы 10 метр, узуну 100 метр дегендей. Бирок турак жай тургузуу үчүн узун-туурасы 15-20 метрден кем болбогондой, кеминде 4 сотых жер алгысы келет. Турак жайдан тышкары жол, тротуар дегендерге да жер бөлүнүшү керек. Ошол кезде үлүш ээлери чогулуп, жерлерин бириктирип туруп сатышкан дагы, үлүш жери жолго же жол жээгиндеги суу, саркынды суу түтүктөрү өтүүчү жерге туш келип калган адамдар акча албай калышкан же аз акча алып калышкан. Ошолор кийин, эми "жер меники болчу" деп талашып жатышат".

"Айыл чарба жерлерин трансформациялабай туруп сатышкан"

Мирбек Осмоновдун сөзүнө караганда, ушул тапта да трансформацияланбай туруп сатылып кеткен жүздөгөн гектар жер бар. Аларды сатып жибергендер жер мунапысы аркылуу мыйзамдаштырууга аракет кылып жатышат:

"Ушул тапта дагы жүздөгөн гектар жерлерди айрым бир шылуундар айыл чарба багытында болсо да турак жай курууга трансформацияланбаса деле үй куруу үчүн 4 сотыхтан бөлүп сатып жиберишкен. Сатып алгандарга болсо "Кыйкырбай-өкүрбөй, акырын туруп тургула, биз уруксат кагазын алып, мыйзамдаштырабыз. Эгер силер кыйкырып чыкчу болсоңор, биз камалабыз да, силер жерсиз каласыңар" деп алдап, кармап турушат. Ушул учурда суулуу эле жерлерде эч нерсе себилбей, куурай басып, саргайып жатат. Биз азыр ошолорду ооздукташыбыз керек. Мисалы, Өскөн-Ордо менен Рухий мурастын ортосунда 60 гектар жер дал ошентип, эч нерсе себилбей, саргайып жатат. Ошол жерди сатып, Кадастр, Мамлекеттик архитектура кызматкерлери "кызыл китеп" чыгарып берип койгон. Анын баары иш козголуп, камалып, бүгүнкү күнү соттук териштирүү жүрүп жатат. Бирок мындан башка да жүздөгөн гектар жерлерибиз дал ушундай абалда турат. Военно-Антоновка айылындагы ВОССТ, ВОССТ-2 деген аймактарды алсак, үлүш ээлери менен "кызыл китеп" алган адамдардын ортосунда чоң талаш жүрүп жатат. Анткени бул аймакта Кадастрда үлүш ээсинин да укугу катталуу, "кызыл китеп" ээсинин да укугу катталуу. Экөөнүн тең укугун каттап алса, кантип чечилет?"

Мирбек Осмоновдун айтуусунда, мындай чырлуу жерлер өзгөчө Бишкектин айланасында жана Чүй облусунда өтө көп.

Жаңы конуштардын бири.
Жаңы конуштардын бири.

Сотто "кызыл китепке" артыкчылык берилет

"Кызыл китеп" берилген жер тилкесинин үлүш ээси мамлекеттик актыны жокко чыгарууну өтүнүп, сотко кайрылган учурлар өтө көп болуп кеткендиктен Жогорку сот 22-май күнү мындай иштер боюнча токтом чыгарган.

Токтом тууралуу Жогорку соттун сайтындагы маалыматта: "Бул токтомдун негизги максаты – жер мунапысына байланышкан ченемдик укуктук актыларды соттор тарабынан бирдей жана туура колдонулушун камсыз кылуу" деп жазылган.

Аталган токтомдун 3-пунктунда:

"Жер үлүштөрүнүн ээлери менен мыйзамда белгиленген тартипте жер участокторуна укуктарды алган жарандардын ортосундагы талаштарды кароодо соттор төмөнкүлөрдү эске алууга тийиш:
Эгерде талаш жараткан жер участогу жер мунапысына кирген объектилердин бекитилген тизмесине киргизилген болсо жана бул участокко укук талап кылган жаранда мыйзам менен Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291 токтомуна ылайык берилген жана катталган тиешелүү документтери болсо, анда бул жарандын менчик укугу мыйзамдуу жана артыкчылыктуу катары корголууга жатат.
Бул – талаптагыдай укук күбөлөндүрүүчү жана укук белгилөөчү документтерге ээ болгон жер мунапысынын объектилеринин ээлери тиешелүү жер участокторуна мыйзамдуу түрдө укук алганын билдирет.
Укуктардын кагылышуусу болгон учурда артыкчылык укуктук ачык-айкындуулук жана ак ниеттүүлүк принцибин эске алуу менен жер мунапысынын алкагында укуктары тастыкталган менчик ээлерине берилет" деп жазылып турат.

Эркинбек Тасмаев дал ушул сот токтомунан улам "оң чечим чыгып, жер тилкесин мыйзамдаштырып алам" деп үмүттөнүп отургандардын бири. Ал 2013-жылы сатып алган жер тилкеси үлүш ээси менен талаштан улам камакка алынып, документ ала албай жүргөнүн "Азаттыкка" айтып берди.

"2013-жылы бир аялдан 8 сотых жер сатып алгам. Бир жагына үйдүн пайдубалын куюп, үй тургузганча "үлүш ээсимин" деген бирөө келип, экинчи жагына там куруп жиберди. Ошол кезден тартып жер тилкени талашып, кийинчерээк сотко бердик. Акыркы үч-төрт жылдан бери соттошуп келе жатабыз. Мунапыс жарыяланганда "жериң камакта экен" деп, тиешелүү документтерим турса да мыйзамдаштырбай коюшту. Бул аялдын айынан мен сыяктуу 100дөн ашуун адамдын жери мыйзамдаштырылбай, соттон сотко чуркап жүрөбүз. Жогорку соттун 22-майдагы токтомунан кийин бир аз үмүт пайда болууда, анткени мен сыяктанып, үлүш ээсимин дегендер менен соттошуп жүргөн айрым адамдарга соттон оң чечим чыкты".

Жаңы конуш.
Жаңы конуш.

Жогорку соттун токтомунан кийин жер тилкесинин пайдасына чечим чыгып, кубанып тургандардын бири Кумарбек аттуу бишкектик тургун эми Ленин райондук административдик сотуна кайрылды. Ал сотко үлүш ээсинин жерге укугун жокко чыгаруу өтүнүчү менен кайрылганын айтты.

"Ооба, Жогорку сот менин пайдама чечип берди. Бирок бул чечим да акыркысы эмес экен. Биз эми Ленин райондук административдик сотуна үлүш ээсинин менин жер тилкеме укугун жокко чыгарууну өтүнүп кайрылдык. Жакында сот болот, үмүтүбүз бар биздин пайдабызга чечилет деп".

2021-жылы 5-апрелде “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө”, башкача айтканда, жер мунапысы тууралуу мыйзам кабыл алынган. Ага ылайык, 2021-жылдын 1-декабрына чейинки документи жок, бирок үй салынып калган жер тилкелерин мыйзамдаштыруу каралган. Ошондон берки аралыкта жер мунапысы боюнча республикалык комиссияга 170 миңден ашуун арыз түшүп, анын 56% мыйзамдаштырылды. 25 миңден ашуун арыз түрдүү себептер менен артка кайтарылган.

"Мөөнөттү узартуу керек"

Жер мунапысы боюнча жер тилкелерин мыйзамдаштырууга арыздарды кабыл алуу 1-июлда токтойт. Бирок дале болсо өз турак жайын мыйзамдаштырууга жетишпегендер көп экенин айткан кээ бир депутаттар мунапыстын мөөнөтүн узартууну суранышты. Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева Бишкектин айланасындагы айрым жаңы конуштардын тургундары жер мунапасынын алкагында "кызыл китептерин" алып жетишпей калганын белгилөөдө.

Элвира Сурабалдиева
Элвира Сурабалдиева

"Мисалы, Аска-Таш, Ак-Ордо, Өскөн-Ордо жана башка конуштарда жер тилкесин мыйзамдаштырууга жетише албай калгандар мага кайрылып, арыз тапшыруунун мөөнөтүн узартып берүүнү суранууда. Ошондуктан, жок дегенде жыл аягына чейин мөөнөттү узартуу керек", - деди депутат.

Соңку, 6-июндагы маалыматка ылайык, жер мунапысына байланыштуу атайын комиссияга жалпысынан өлкө боюнча 170 миң 766 арыз келип түшкөн. Учурда 68 миң 433 үйгө паспорт, 64 745 жер тилкесине жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт берилди. Жалпы 10 миң 338 гектар жер аянты трансформацияланды. Ошол эле учурда түрдүү себептер менен 25 миң 152 арыз артка кайтарылган.

Бишкекте аталган комиссияга 30 006 арыз түшкөн, анын 12 630 коомдук талкууга коюлган. Жыйынтыгында 6 466 үйгө паспорт, 3 606 жер тилкесине "кызыл китеп" берилген.

2021-жылы 5-апрелде “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” же жер мунапысы жөнүндө мыйзам кабыл алынган. Анда 2021-жылдын 1-декабрына чейинки документи жок, бирок үй салынып калган жер тилкелерин мыйзамдаштыруу каралган.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG