Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:40

1-класстын окуучусу зордукталды деген окуя боюнча өспүрүм кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы “үч өспүрүм биринчи класстын окуучусун зордуктаган” деген маалымат боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренеси - “Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер” менен кылмыш иши козголуп, шектүү катары 2009-жылы туулган өспүрүм кармалганын билдирди.

Шаардык милиция кылмыш иши боюнча соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатканын жана иш жетекчиликтин көзөмөлүндө экенин кошумчалады. Кармалган шектүү Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Зордуктоого кабылган делген баланын таекеси Абдухалил Алиев 18-июнда бул окуя тууралуу Фейсбукка пост жазып, шектүүлөргө чара көрүлбөй жатканын билдирген.

“1-класста окуган бир туугун эркек жээнимди 9-8 жана 5-класстын окуучулары зордуктап салышыптыр. Мага анонимдүү кишилерден ошол ыдык көрсөтүлгөн видео келип, үрөйүбүз учуп, шок абалында жээнимди №3 балдар ооруканасынын проктология бөлүмүнө алып барсам таза экен деп, соттук-медициналык экспертизага жиберди. Кечээ соттук-медициналык экспертиза таза деп койгонунан улам ушундай ачууланып ушул видеону тарттым. Кичинекей жээним 5 жолу зордукталыптыр. Бирок таза деп чыгарганы мени ынандырган жок, ишенбейм дагы эле”, - деп жазып дарыгер жана милиция кызматкери тартылган видеону жарыялаган.

Ал шектүү балдардын баары кармалганын айтып жатат. Бирок милиция бир эле өспүрүм убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин билдирди.

Абдухалил Алиев айткан балдардын жакындары жана шектүү катары кармалган өспүрүмдүн ата-энеси комментарий бере элек. “Азаттык” алардын да пикирин укканга даяр. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG