Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:34

Вашингтондо кыргыз элчиси визалык чектөө боюнча сүйлөшүү өткөрдү


Кыргызстандын АКШдагы элчиси Айбек Молдогазиев Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысынын орун басары Жон Марк Поммершайм менен жолугуп, эки өлкөнүн алакасы боюнча маселелерди талкуулады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Жолугушууда Кыргызстандын визалык чектөө коюлат деген өлкөлөрдүн тизмесине киргизүү ыктымалдыгына байланыштуу маселеге өзгөчө көңүл бурулган. Элчи Молдагазиев АКШ тарапты бул маселени кароодо ойлонулган мамиле зарыл экендигин белгиледи.

Бул жолугушуу АКШ 36 мамлекеттин катарында Кыргызстандын жарандарына да өз аймагына кирүүгө тыюу салышы мүмкүн экени тууралуу маалымат жарыялангандан кийин орун алды. Тышкы иштер министрлиги АКШдан бул боюнча расмий билдирүү ала электигин белгилеп, “бул тизменин кантип түзүлгөнү Кыргызстан үчүн “түшүнүксүз болуп жатканын” 16-июнда билдирген. Мекеме маселени талкуулоо үчүн АКШ элчилигинин консулун чакырганын тактаган.

Миграциялык чектөөлөр тууралуу Washington Post гезити 15-июнда Кошмо Штаттардын мамлекеттик департаментиндеги кызматтык катка шилтеме кылып билдирген. Ага 36 өлкө: анын ичинде Кыргызстан, Египет, Жибути, Камерун, Нигерия, Сирия, Танзания жана башка Африка, Кариб аймагынын жана Тынч океан бассейниндеги өлкөлөр кирген.

Ишембиде тизмеге кирген өлкөлөр менен иштеген дипломаттарга мамлекеттик катчы Марко Рубионун колу коюлган кызматтык кат тапшырылган. Анда бул өлкөлөргө Вашингтондун жаңы талаптарын аткарууга 60 күн убакыт берилери жазылган.

Мамлекеттик департамент шилтеме кылып жаткан бузуулардын ичинде мөөнөтү өтүп кеткен визалардын көптүгү, документ берүүчү органдын жоктугу жана башка маселелер көрсөтүлгөн.


Шерине

XS
SM
MD
LG