Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:19

Тажикстан Ирандагы жарандары үчүн эвакуациялык штаб ачты


Иран.
Иран.

Тажикстандын Ирандагы элчилиги өз жарандары үчүн эвакуация боюнча атайын штаб түзгөнүн жарыялады. Элчиликтин билдирүүсү 17-июн күнү кечинде жарыяланды.

Маалыматка ылайык, Тажикстандын жарандары Ирандан Түркмөнстан аркылуу "Бажгиран" чек ара бекети же Азербайжан аркылуу "Астара" чек ара бекети аркылуу чыгып кете алат. Бул үчүн Иран, Түркмөнстан жана Азербайжандын тиешелүү органдары менен макулдашуу талап кылынат. Эвакуация иштерин Тажикстандын элчилиги уюштурууда.

Тажикстандын Ирандагы элчиси Низомиддин Зохидинин айтымында, учурда 30 жаран Ирандан чыгарылган. Дагы 100гө жакын тажик жараны каттоого алынган. Элчи эвакуация ыктыярдуу негизде жүрүп жатканын белгиледи.

Ирандын аба мейкиндигинин жабылышынан улам Тажикстан менен Ирандын ортосундагы Somon Air жана Varesh Airline авиакомпанияларынын рейстеринин баары токтотулду.

Кыргызстандын да Тышкы иштер министрлиги Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу кыргызстандыктарды Иран менен Израилге барбай турууга, ал жакта жашаган жарандарды бул өлкөлөрдөн чыгып кетүүгө чакырды. Анда жарандарды аба каттамдарына кирген чектөөлөрдү эске алуу жана чет өлкөдөгү мекемелердин, авиакомпаниялардын билдирүүлөрүнөн кабардар болуп туруу сунушталган.

Зарыл учурда Кыргызстандын ошол аймактагы дипломатиялык мекемелерине кайрылуу керектиги жазылган.

13-июнда Израил Ирандын аймагына абадан чабуул койгон. Аны улай Ирандын армиясы да Израилдин аймагын дрондор жана ракеталар менен бутага алган.

Иранда акыркы маалыматтар боюнча 500дөн ашуун адам каза таап, миңден ашууну жараат алды.

Израилдин маалыматында Ирандын соккуларынан 26 адам набыт болуп, миңден ашуун адам жарадар болду. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG