Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:23

Украинада кош жарандуулук мыйзамы кабыл алынды


Украин парламенти Рада.
Украин парламенти Рада.

Украин парламенти Жогорку Рада кош жарандуулукка уруксат берген мыйзамды кабыл алды. Бул мыйзамды парламентке 2024-жылы президент Владимир Зеленский киргизген.

Депутат Павел Фроловдун айтымында, мыйзамда кайсы учурларда кош жарандуулукка жол берилери так жазылып, украин жарандыгын алуу жана кайра кайтаруу шарттары белгиленет.

Жаңы мыйзамга ылайык, украин жарандары өкмөт бекиткен мамлекеттердин тизмесиндеги өлкөлөрдөн жарандык алганда, өз жарандыгынан айрылбайт. Мындан тышкары, алар расмий түрдө башка өлкөнүн жарандыгын алуу укугуна ээ болот.

Этникалык украиндер, украин армиясынын катарында кызмат өтөгөн чет өлкөлүктөр жана өз өлкөлөрүндө саясий куугунтукка кабылган адамдар аталган мыйзамга ылайык, жеңилдетилген тартип менен жарандык алса болот.

"Эмиграциянын ар түрдүү толкундары учурунда мекенин таштап кетүүгө аргасыз болгон бардык адамдар – Европада, АКШда, Канадада, Азия, Латын Америкасында жашаган украиндер. Бизден миңдеген чакырым алыста туруп жардам бергендер. Украина үчүн курал көтөрүп чыккан чет элдик ыктыярчылар. Булар үчүн Украина мекендей болуп калды", – деп белгилеген украин президенти Зеленский.

Президент Владимир Зеленский 2021-жылдан баштап кош жарандуулук маселесин мыйзам жолу менен жөнгө салуу ниетин ачык билдире баштаган. Ал өзгөчө дүйнөнүн ар кайсы бурчунда жашаган этникалык украиндерге жарандык берүүнү жеңилдетүүнү сунуштаган. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG