Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:09

"Үйгө чейин келип зордукташыптыр". 1-класстын окуучусун сыздаткан окуя


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин четиндеги айылда 1-класстын окуучусу зордукталды делген окуя Жогорку Кеңеште да көтөрүлүп, шаардык милициянын иши сынга алынды. 18-июнда Маевкадагы мектепте окуган үч бала ошол эле жерде билим алган балага сексуалдык зордук көрсөткөнү тууралуу маалымат тараган. Жабыркаган баланын жакындары үрөй учурган бул окуя май айынын соңунда болгонун жана экспертизанын тыянагына ишенбей жатканын айтууда.

"Баланы парктан, жада калса үйгө чейин келип зордукташыптыр"

"Зордуктаган балдар үчөө болушкан. Жээнимди коркутуп, "ата-энеңе айтсаң аларды өлтүрүп кетебиз" дешкен. Колу-бутун да байлашкан экен", - деп баштады сөзүн биз менен телефон аркылуу сүйлөшкөн жаран.

Ал 18-июнда 1-класста окуган жээни зордукталганын ачык жарыялап чыккан эле. Айтымында, милициянын ишине, соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына ишенбей калганда ушундай кадамга барууга мажбур болуптур.

Маевкадагы №107 мектеп.
Маевкадагы №107 мектеп.

1-класстын окуучусу зордукталды деген окуя ушул жылы 17-майдан 27сине чейин болгону айтылып жатат. Жабыркаган баланын таекеси ушул 10 күндүн ичинде Маевкадагы №107 мектептин 9, 8 жана 5-класстарынын үч окуучусу 1-класста окуган жээнин 5 жолу зордуктаганын билдирүүдө. Сексуалдык ыдык көрсөткөн бир окуя видеого да тартылып, кийин баланын таекесинин колуна тийген.

“Ошол ыплас окуя болгон учурду балдар өзүлөрү эле видеого тартып алат. Анан ал видео 9-класстын балдарынын арасында тарап кетет. Акырында видеону тартып алган баланы сабашып, анын ата-энеси мектепке чейин келип ызы-чуу болгон экен. Ал жерде менин жээним, анан сегизинчи класстын окуучусу тартылган. Жыйынтыгында ошол видео мага да жетти. Анан мен баладан сурасам ал баарын айтып берди. Мындай окуялар мектептин жанындагы паркта, үйдүн ичинде болуптур. Ошол маалда бала мектепке барбайм деп коркуп калган экен. Жада калса апасы дүкөнгө чыгып келейин десе да үйдө жалгыз калгысы келбей ыйлаптыр", - деди баланын таекеси.

Зордукталды делген баланын таекеси дароо милицияга кайрылганын, бирок экспертизанын жыйынтыгы "зордуктоо болгон эмес" деген мазмундагы тыянак чыгарып койгонун айтып жатат. Буга баланын жакындары макул эмес. Анткени ага сексуалдык ыдык болгону видеодон да көрүнүп турат дешет.

“Мен дароо милицияга кайрылдым. Шок абалында жээнимди №3 балдар ооруканасынын проктология бөлүмүнө алып барсам таза экен деп соттук-медициналык экспертизага жиберди. Кечээ соттук-медициналык экспертиза таза деп койгонунан улам ушундай ачууланып ачыкка чыктык. Кичинекей жээним 5 жолу зордукталыптыр. Бирок таза деп чыгарганы мени ынандырган жок, ишенбейм дагы эле. Буга видео деле далил болуп бере алат”, - деди баланын таекеси.

Милициянын билдирүүсү, парламенттеги талкуу

Окуя социалдык тармактарда кызуу талкууланып, өзгөчө күч органдарынын аракетсиздиги сынга алына баштаганда Бишкек шаардык милициясы маалымат таратып, окуя боюнча кылмыш иши козголгонун кабарлады. Азыр окуяга тиешелүү делген үч баланын бирөө камакта. Калган экөөнүн кылмыш ишиндеги статусу боюнча так маалымат жок.

“Аталган факт боюнча Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренесине (Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) ылайык кылмыш ишин козгоп, шектүү катары 2009-жылы туулган өспүрүм Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Мындан тышкары, кылмыш иши боюнча соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, ар тараптуу тергөө амалдары жүрүп жатат жана жетекчилик бул ишти жеке көзөмөлүнө алды”, - деп жазылган милициянын маалыматында.

1-класстын баласы зордукталды делген окуя Жогорку Кеңештин 19-июндагы жыйынында дагы көтөрүлдү.

Депутат Айсулуу Мамашева ушундай зордук-зомбулук көрсөтүлгөн окуяларга милиция кызматкерлери кайдыгер мамиле жасай турганын айтып, Ички иштер министрлигине кайрылуу жасады:

Айсулуу Мамашева.
Айсулуу Мамашева.

"Мен Ички иштер министрлигине кайрылат элем. Анткени балдарга карата зордук-зомбулук аябай күчөп жатат. Маевкадагы окуяны алсак, анда мектепте окуган үч бала биринчи класстын баласын беш жолу зордуктап кетиптир. Ошону Биринчи май райондук милициясы толук карабай жатыптыр. Ошол эле учурда бир айым машине айдаганды үйрөнөм деп кичинекей кызды тебелеп салыптыр. Ал каза болуп калды. Ушундай окуялар боюнча ата-энелер кайрылды. Мындай окуялар аябай көп болуп жатат. Балдардын коопсуздугун камсыздап беришсин. Маевкадагы болгон окуяда балдарды кое берип салышты. Толук, жакшылап жумуш алып баргылачы. Эмне үчүн ата-энелер кайрылса деле тергөө жүрбөй жатат? Кантип эле зордуктап салган балдарды актап, кайра жөнөтүп саласыңар?".

Ушундай эле маселени дагы бир депутат Жалолидин Нурбаев да көтөрүп, ал мектепте ыйман сабагын окутуш керектигин айтты.

Ал эми Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу бул көйгөй, милицияга айтылган сын боюнча да пикирин билдирди.

Нурланбек Тургунбек уулу.
Нурланбек Тургунбек уулу.

"Азыркы шартта мындай окуялардын болушу таптакыр жат көрүнүш. Бул боюнча жеке эле Ички иштер министрлиги эмес, жалпы коомчулук, ата-энелер, баарыбыз күрөш жүргүзүшүбүз керек. Бул бир. Экинчиден, Ички иштер министрлигинин дарегине "иштебей жатат, милиция коргобой жатат" деген бир жактуу ойдон алыс болушубуз керек. Бүгүнкү күндө ИИМ мурдагыга караганда кыйла жакшы. Бардык каражаттары, заманбап жабдыктары, камералары бар. ИИМ колунун келишинче аракет кылып иштеп жатат", - деди төрага.

Негизи аялдарга, өзгөчө балдарга карата зомбулук болгон учурда милициянын дарегине сын айтылып келет. Күч органдары сабалганын же сексуалдык ыдык көргөнүн айткан жабырлануучуларга орой мамиле кылып, же алардын өзүн күнөөлөгөн учурлар болгонун билдиргендер бар.

"Бул темада унчукпай калбашыбыз керек"

Интернетте, социалдык тармак аркылуу бала кезинде зордукталганын же болбосо сексуалдык ыдык көргөнүн айтып берген окуялар көп эле кездешет.

Мисалы, буга чейин алып баруучу Назира Айтбекова өзүнүн катталуучулары жиберген окуяларды жарыялап турган. Ал жерде ондогон балдар, кыздар кичинекей кезинде сексуалдык ыдыкка кабылганын же зордукталганын айтып беришкен.

Ушундай окуяларын баяндаган каттарды юрист жана медиа эксперт Илим Карыпбеков да жарыялап турат. Адатта алар атын атабай, ошол окуя болгон учурда кимдир бирөөгө айткандан коркконун же болбосо айткан учурда да эч ким чара көрбөгөнүн жазышат.

Балдар психологу Алтынай Кариева мындай окуялар азыр да бар экенин, көп учурда ачыкка чыкпай каларын айтып жатат:

Алтынай Кариева.
Алтынай Кариева.

"Мага жеке кайрылгандар көп. Бул жакта факторлор көп. Ошолордун бирин айта кетейин. Биз теманы көрмөксөн, укмаксан болуп же болбосо мага тиешеси жок дегендей кылып коебуз. Канчалык ушул теманы жашырсак, ошончолук зордук көргөзгөн кишини колдоп койгонубуз болот. Унчукпай коюу колдогонго барабар. Зордук көргөн балдардын психологиясы бузулат. Ошондуктан балдардын жаш курагына жараша сексуалдык мамиле, жыныстык тарбия боюнча маалымат берип турушубуз керек. Бала менен сүйлөшөлү, аларды кароосуз калтырбайлы. Бул көйгөй сиздин үйдө болбосо эле коомдо жок дегенди түшүндүрбөйт. Ар бирибиз балдарыбыздан башташыбыз керек".

Маевкада 1-класстын окуучусуна сексуалдык ыдык көрсөттү делген балдардын жакындары жана шектүү катары кармалган өспүрүмдүн ата-энеси комментарий бере элек. “Азаттык” алардын да пикирин укканга даяр.


  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Шерине

XS
SM
MD
LG