Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:42

Израил Арактагы ядролук реакторго сокку урду


Арактагы ядролук реактор. Архив
Арактагы ядролук реактор. Архив

Түн ичинде Израилдин авиациясы Арак, Натанз жана башка жерлердеги ондогон өзөктүк ишканаларга сокку урганын ЦАХАЛдын (Израилдин куралдуу күчтөрү) басма сөз кызматы кабарлады.

Анын алдында Израилдин бийлиги элге Арак жана Хондаб шаарларынын белгилүү бир райондорунан чыгып кетүүнү эскерткен.

Маалыматтарга караганда, негизги бута Арактагы курулуп бүтө элек ядролук реактор болгон. Израилдик аскерлердин айтымында, сокку плутоний чыгарганда колдонулчу маанилүү конструкцияга урулган. Плутоний урандай эле ядролук курал жасоодо керектелиши мүмкүн.

ЦАХАЛ Натанздагы объектте Ирандын атомдук программасын ыкчамдатууга багытталган жабдыктар менен долбоорлор жайгашканын кошумчалады. Андан тышкары баллистикалык ракеталар менен абадан коргонуу системалары үчүн чийки заттарды жана кошулмаларды чыгарган заводдор аткыланганы маалымдалды.

Ирандын маалымат каражаттары ишканага жакын жерге ракетанын эки сыныгы кулаганын жазышты. Радиация коркунучу тууралуу маалымдалган жок.

Ага чейин, 18-июндун кечинде Тегеран жана айланасындагы конуштар да чабуулга кабылган.

Эки өлкө ортосундагы куралдуу жаңжал 13-июнда Израил Ирандын өзөктүк курал жасоо аракетин алдын алууну көздөгөнүн айтып, сокку урганда тутанган. Ислам жумурияты ага жооп кайтарып, Израил тарапка ракеталарын ата баштаган. Ошондон бери соккулар тынчыбай келет. Эки тараптан тең жайкын адамдар жабыркап жатат.

Тегеран өзөктүк программасы жай турмуш максаттарын көздөгөнүн, андан баш тартпай турганын айтууда.


Шерине

XS
SM
MD
LG