Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Соода-өнөржай палатасынын жетекчиси, мурдагы өкмөт башчы Темир Сариевдин Орусияда экономикалык форумда кыргыз элинин Орусия үчүн "өзгөчө макамы" тууралуу айтканын сынга алды.
Ага чейин Сариев Санкт-Петербургдагы форумда сүйлөгөн сөзүнүн видеосун социалдык тармактагы баракчасына жайгаштырган. Анда "Орусия кыйын күнгө кабылганда кыргыз эли жанында болгонун" айткан.
“Ата Мекендик согушту карасак, панфиловчулар Москваны коргошкон. Иван Панфилов борборазиялык дивизияны түзгөн. Ал тагдыр чечүүчү учур болгон. Ошондон кийин согуш кайра Батыш тарапка жылган. Экинчиден, атайын аскердик операция (ред: Орусия Украинага каршы согушун ушундай атайт) башталганда, биринчи болуп кол сунуп, коркпостон колдоо көрсөткөн Кыргызстан болду. Бул Орусияны биздин өлкөнү бизнес жана саясатта эң ишенимдүү өнөктөш катары көрүүгө түрттү. Ишеним - өтө сейрек кездешчү нерсе. Биз силер менен биргебиз”, - деп айткан Сариев.
Байсалов мындай билдирүүгө X социалдык тармагындагы баракчасы аркылуу жооп жазып, кыргыз элинин Орусиянын алдындагы "өзгөчө макамы" Экинчи дүйнөлүк согушка эмес, ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев жана өкмөт башчы Темир Сариевдин убагында Евразиялык экономикалык биримдикке кошулганына байланыштуу" экенин белгиледи. Уюмга кошулуу “улуттук кызыкчылыктарды коргоого жетиштүү кепилдиктер жок эле шашылыш чечим болгонун” жазган.
"Чындыгында, эмгек рыногу бирдей жеткиликтүү эмес (ошол кезде убадаланган биздин мигранттар үчүн “өзгөчө макам”), биздин товарларга да рынок эркин эмес (бүгүн биз “союздаш” Казакстанды айланып, Астрахан аркылуу товар ташууну пландап жатканыбыз акылга сыйгыс). Ошондой эле көптөгөн түз чектөөлөр жана милдеттенмелер бар. Таңкалычтуусу - биз бул союздагы эң жакыр өлкө болсок да, алдыңкы мамлекеттер менен бирдей деңгээлде милдеттенмелерди, мисалы, дары-дармек жүгүртүүсү боюнча талаптарды тез арада өз мойнубузга алганбыз”, - деп жазган Байсалов.
Беларус, Казакстан, Орусия 2010-жылы Бажы биримдиги катары түзгөн Евразия экономикалык биримдигине Кыргызстан 2015-жылы кошулган. Кыргыз өкмөтү ЕАЭБге мүчө болгондо төрт эркиндик берилерин, жарандар биримдик ичиндеги каалаган өлкөдө ээн-эркин жүрүп, товар жүгүртүү, тейлөө кызматтары жана капитал беш өлкө аймагында тоскоолдуксуз айланарын жарыялаган.
Орусияда соңку кездери миграциялык талаптар күчөп, кыргыз жарандарына да тоскоолдуктар жаралганы коомчулукта, Жогорку Кеңеште да утур-утур көтөрүлүп келет. Мындан тышкары ЕАЭБге мүчө Казакстан менен Орусияга жүк ташууда маал-маалы менен кезек күтүүлөр, катаал текшерүүлөр катталып турат.
Шерине